Бишкек шаарындагы мектептер жана бала бакчалар жабылбайт. Буга чейин кандай режимде иштесе, ошол бойдон иштей берет. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Иманалиева билдирди.
Маалыматка караганда, окуучулар 12-13-апрель күндөрү гана онлайн режиминде окушат. Себеби бул күндөрү шайлоодон кийин мектептерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Ал эми шайлоо участкалары катары иштеген бала бакчалар 8-апрелден 14-апрелге чейин жабык болмокчу.
Буга чейин Бишкек шаарындагы мектептер онлайн окууга өтүп, бала бакчалар жабылары жазылган.