"Бет кап кийиңиз". Бишкекте коомдук транспорттордо рейд жүрүп жатат

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери коомдук транспортто санитардык эрежелерди сактоо боюнча рейд өткөрүштү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыялады.

Кызматкерлер коомдук унаалардагы жүргүнчүлөрдөн бет кап кийүүлөрүн жана аларды түшүнүү менен кабыл алууларын суранышты.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков борбор калаанын мэриясына коомдук жайларда, коомдук транспортто, соода аянтчаларында, маданий-көңүл ачуучу жайларда жана коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышын камсыздоо боюнча ишти күчөтүүнү сунуш кылган.

Бет кап кийиниздер!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан