Бишкек ШИИББинде ала качуудан каза болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча маалымат жыйын өтүүдө.
"Биз айдоочуга чалганда силер каякта жүрөсүңөр деген суроо койдук. Кыздын телефону бир күн өчүк болду. Саат 16:00дө гана күйдү. Кызды ала качкан адам бул кыз менен төрт айдан бери сүйлөшөм, үйлөнөлү деп жатканбыз бизге тийишпегиле" деп телефонун өчүрүп салды. Үч сааттан киийн Айзаданын телефону иштеп баштады. Ал апасына чалып "мен үйгө келем" деди. Биз да байланышканыбызда, апасына айткан сөздөрдү айтты", - деди Бишкек ШИИББинин кызматкери.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.