Митингчилердин алдына ИИМдин кызматкерлери чыкты

Ички иштер министрлигинин алдында зордук-зомбулукка каршы митинг өтүүдө. Анда кыз ала качууга кайдыгер карабаган жарандар, активисттер чогулган. Чогулган тараптар милициянын ишине нааразы болушууда.

Митингге чыккандардын алдына Ички иштер министрлигинин кызматкерлери чыгышты. Анда чогулган тараптар "Уят" деген сөз менен тосуп алышты. ИИМдин кызматкерлери кыз ала качуунун курмандыгы болгон Айзада тууралуу маалымат берүүгө аракет кылган учурда митингчилер аларды сүйлөтпөй, окуя тууралуу кайталоонун кажети жок экендигин айтышты.

Мындан тышкары митингчилер ички иштер министрин отставкага кетишин талап кылышууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында эки күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын жансыз денеси кечээ, 7-апрель күнү табылган.

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясы тууралуу толук маалыматты шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан