Кечээ, 7-апрелде Кара-Суу районунун Нариман айылында кайнатасын өлтүрүүгө шектелген жана кайненесине бычак менен кол салган жаран кармалды. Маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу РИИБине 7-апрелде болжол менен саат 00:40 чамасында Нариман айыл өкмөтүнүн 44 жаштагы Ж.Р жана анын жубайы 43 жаштагы Ж.Н денелеринен белгисиз курч нерсенин кесепетинен жаракат алып кайрылган. Маалыматтын негизинде, Кара-Суу РИИБинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган.
Белгилүү болгондой, 6-апрелде болжол менен саат 23:20 чамаларында Р.Ж.нын үйүнө анын күйөө баласы Ош шаарынын Он-Адыр участкасынын жашоочусу 30 жаштагы жаран балдарын көрүү максатында барган. Кайнатасы аны киргизбей экөө уруша кеткен. Он-Адырдын жашоочусу өзүнүн үйүнөн жубайын коркутуу үчүн алып келген ашкана бычагы менен кайнатасынын далысына эки жолу, көкүрөк тарабына үч жолу, сол колуна үч жолу, моюнуна бир жолу, ичине бир жолу бычак менен сайып жиберген. Ошол жерде аларды ажыратып жаткан кайненесинин ичине эки жолу сайган. Окуя болгон жерден бычактын сынган сабы, кан үлгүлөрү алынган.
7-апрелде 04:30 чамасында денесинен алган жаракатынан улам Р.Ж. ооруканада каза болгон.
Бул факты Кара-Суу РИИБинин Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (адам өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
Каза болгон 44 жаштагы Р.Ж. 3 баланын атасы болгон. Убактылуу эч жерде иштечү эмес. Бычакталган аялынын абалы жакшы.
Кылмышка шектүү А.А. 2 баланын атасы. Орто билимдүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес. Ал тергөөнүн жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-криминалистикалык, соттук-медико-техникалык, соттук-наркологиялык, соттук-психиатриялык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.