Бишкектин жашоочуларына газ бериле баштады

3-дкабрдан баштап Бишкек шаарынын тургундарына толугу менен газ бериле баштаганын бүгүн "Кыргызгаз" ААКсы билдирди. Бишкек шаардык газ чарбачылык башкармалыгы саатына 30 миң метр куб газ колдонсо, ушул айдын башынан бери жалпысынан 1 602 863 куб метр газ колдонулган. Чүй газ чарбачылык башкармалыгы саатына 15,7 миң метр куб газ колдонсо, ушул айдын башынан бери 1 271 480 куб метр газ колдонулган. Ал эми Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча жаратылыш газы саатына 8,8 миң метр куб колдонулса, ушул айдын башынан бери 659 618 метр куб газ керектелген. Эске салсак, 25-ноябрь күнү Кыргызстандын түндүк аймагында Казакстандан газ берүү басымы төмөндөп кеткенине байланыштуу жаратылыш газын берүү айрым бөлүктөрдө өчүрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан