"Бири Жалал-Абаддан табылды". Айзада Канатбекованы уурдаганга шектелгендердин баары кармалды

Айзада Канатбекованы уурдаганга шектелген дагы 2 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири 1995-жылы туулган Т.К. Бишкектен, ал эми 1991-жылы туулган Н.О. Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалды.

Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Улан Жумаков SUPER.KG порталына аталган окуяга тиешеси бар делип изделип жаткан башка шектүүлөр жок экенин билдирди.

Окуянын чоо-жайы:

5-апрелде 3 адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкени белгилүү болгон. 7-апрелде Бишкек ШИИББи Канатбекованын жана аны алып качууга шектелгендердин биринин жансыз денеси унаадан табылганын билдирди. Ала качууга шектелгендердин бири 1992-жылы туулган Р.А. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бул окуядан кийин коомчулук ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясын эстешип, ички иштер министринин отставкага кетүүсүн талап кылган билдирүүлөрдү соцтармакка жамгырдай жаадырды. 8-апрелде Бишкек ШИИББи маалымат жыйын берип, кызды 2 күн бою издешкенин, бирок аны таба алышпаганына өлкөдөгү бюрократия тоскоол болгонун айтышкан. Айзада жана аны алып качкан делген адамдын сөөгү алгач Бишкектеги өлүкканага жеткирилип, экспертиза жүргүзүлгөн соң кыздын жансыз денесин туугандары өзү туулган жери Балыкчыга алып кетишти. Бул окуяга байланыштуу өлкө башчысы дагы, өкмөт башчы дагы өз пикирлерин жарыялашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Luna7
2021-04-08 22:43:56
Эми ойгонду милиция сөрөйлөр,байкуш кыз болору болуп бүткөндө
+9
Gulina90
2021-04-08 23:03:09
Булар тапкыча канча Адам кан жутуп ыйлап жатат.Байкуш Кыз жаткан жери жайлуу болсун,бейиштен орун Насип этсин
+10
mira28
2021-04-09 02:54:20
Видеодогу балдарга окшото албай жатам .Арык жаш кызыл кепкачан бала кана?Бул балдар зонкоюп туратго.
+3
Zumrudianka
2021-04-09 03:17:21
mira28,мен да ушул созду айткым келди эле
0
Ozgocho111
2021-04-09 05:30:42
mira28,ооба да, аркы таксиге карай жугуруп кеткен бала, арык болчу,ким билет...
+1
Ali-han
2021-04-09 10:55:05
Ozgocho111,ал баланы биринчи кармашкан
-1
Ali-han
2021-04-09 10:54:44
mira28,ал баланы биринчи кармашкан
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан