Эртең менен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бишкекте 18 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 18 жаштагы Альбина Бапиева аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 8-апрель күнү эртең менен чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келбегендигин Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашат.

Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү кыздын бир тууганы милиция бөлүмүнө кайрылып, 2003-жылы туулган Альбина Бапиева аттуу эжесин издөөгө көмөк сураган. Альбина Бапиева ошол күнү эртең менен саат 08:00дө 7-кичи райондогу үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес.

Изделип жаткан кыздын бою 165 сантиметр, арык, чачтары күрөң.

Кийип жүргөн кийимдери: кызыл түстөгү күрмө, кара түстөгү жынсы шым жана бут кийим, кара түстөгү рюкзак.

Сүрөттөгү кызды көрүп, билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0(553) 102-189, 0(500) 09-99-00, 0(312) 54-41-84 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
OMURBEK.
2021-04-09 09:29:15
Аман эсен табылып калсын эмне Деген эле
заман болуп баратат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан