ЭЛДИК КАБАР: "Кыргыз телеканалдары тартпайт. Айла жок Өзбекстандын телеканалдарын көрөбүз" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда ал Ош облусуна караштуу бир нече айылдарда кыргыз телеканалдары тартпагандыктан жаш балдар өзбек телеканалдарынан мультфильмдерди көрүп өзбекче аралаштырып сүйлөп калышканын айтып кайрылды.
"Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарынын айланасындагы Кең-Сай, Октябрь, Питомник айылдарында кыргыз телеканалдары тартпайт. Кээде тартып калса да катып, эч нерсе көрүүгө мүмкүн эмес. Такай Өзбекстандын телеканалдары тартат. Жаш балдар өзбек тилинде мультфильмдерди көргөндүктөн сүйлөгөндө өзбекче аралаштырып сүйлөп калышкан.
Ушул маселени ким чечет? Өзүбүздүн өлкөнүн телеканалдарын көргүбүз келет. Айла жок Өзбекстандын телеканалдарын көрөбүз", - деди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jaraisyn
2021-04-09 12:47:16
Айланайын кыргыз каналдары тарткан аймактарда да маанилүү передача берилбейт, ача калсаң саясат, мааниси жок нерселер. Балдар үчүн мультфилмдер орус тилинде, не котормочу куруганбы бизде. Көргөнү баары өзбектин сериалдары. Патриоттук маанидеги кинолорду кыргыз телеканалдарынан да берсе болбойбу. Ар түрдүү билим чөйрөсүндөгү берүүлөр ж.б берсе болот. Канал ачуу керек балдар үчүн айтор көйгөй көп
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан