Президент Садыр Жапаров Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун ханышасы Елизавета II'ге жолдошу — ханзаада Филипп Эдинбург герцогунун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Улуу даражалуу, Эдинбург герцогу, ханзаада Филипптин дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун элинин аза кайгысын тең бөлүшөм.
Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан ханышанын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун элине жана Британия шериктештигине мүчө болгон бардык мамлекеттерге көңүл айтам", - деп жазылган мамлекет башчысынын кайрылуусунда.
Ханзаада Филипп кечээ, 9-апрелде 99 жашында дүйнө салды. Ал эки айдан кийин 100гө чыкмак.