Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерине кызматтык батирлер тапшырылды

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев министрликтин кызматкерлерине кызматтык батирлердин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматтык батирлер министрликте бир топ жылдан бери эмгектенип келе жаткан кызматкерлерге тапшырылды.

"Министр өз сөзүндө президент саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, 1-апрелден тартып үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга көтөрүлгөнүн, 1-июлдан тарта бардык дарыгерлердин маянасы 40 жана 50 пайызга көтөрүлөрүн билдирди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ozgocho111
2021-04-10 21:07:43
Архив тармагын да карап койунузчу, урматтуу президент
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан