Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт.
28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланса, референдумда "Конституциянын жаңы долбооруна макулсузбу?" деген суроо коюлмакчы.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов саат 14:00гө карата 674 миң 419 шайлоочу добуш бергенин билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 3 миллион 318 миң 130 шайлоочу тизмеге киргизилген. 20,33 пайыз шайлоочу добуш берди. Шаардык кеңештерге 200 миң 367 шайлоочу, айылдык кеңештерге 474 миң 52 адам добуш берүүгө катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бишкек шаарындагы "Белек" маданий-оюн зоок борборунда жайгашкан №1053 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө катышты.
Тандоо жасагандан кийин Сооронбай Жээнбеков коомчулукта, журналисттерде ага, экс-президент катары суроолор көп экендигин айтты.
"Жеке менин дарегиме да ар кыл ойлор, калп, чыны аралаш пикирлер айтылып келет. Мен мунун баарын угуп, көрүп, анализдеп жатам. Албетте, менде айтылчү сөздөр көп. Бирок азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, диалогго аралашканыма караганда, унчукпай турганым – өлкө үчүн чоң пайда. Анткени саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айтканым, дегеним, кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылчулар да жок эмес. Мен ошого жол бергим келбейт", - деди ал.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков №1327 шайлоо тилкесинде добуш берди.
Кимге добуш бергендиги жана жаңы Конституцияны колдодубу же жокпу деген суроого Сооронбай Жээнбеков ачык жооп берген жок.
“Бүгүн шайлоо күнү. Бул күнү үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Буга кошумча, ар бир жаран кимге добуш бергенин купуя сыр катары сактоого укуктуу. Негизгиси бүгүнкү жарандык милдетимди аткардым", - деди ал.
Бүгүн, 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүүдө.
11-мартта Жогорку Кеңеш Конституциянын долбоорун кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добушун беришкен.
Саат 12:00гө карата 13,43 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы 3 миллион 318 миң 130 шайлоочу добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирген. "Саат 12:00гө карата 445 миң 533 адам добуш берди. Шаардык кеңештерге 133 миң 116, айылдык кеңештерге 312 миң 417 шайлоочу добуш берди", - дейт Шайлдабекова.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров "Ош шаарында бир партия акча таратып жатат" деген маалымат текшериле турганын билдирди.
"Маалымат каражатынын билдирүүсүнө таянсак, ал жерде бир партиянын өкүлү акча таратып жатыптыр. Бул видеону баарыбыз көрдүк. Бул бирдиктүү реестрге катталды. Тиешелүү иш-аракеттер Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Экинчи видеодо Бишкек шаарындагы №1054 шайлоо тилкеси тарабынан таштандыдан бюллетендер табылган. Күнөөлүүлөр аныкталып, аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөт", - дейт ал.
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо жана референдумда добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улукбек Марипов Бишкек шаарындагы № 40 жалпы билим берүүчү мектептин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добушун берди.
10:00гө карата жергиликтүү кеңештерге 172 миң 139 жаран добуш берсе, референдумга 181 миң 801 шайлоочу добуш берди. Мындай маалыматты БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов "Жалпы иш" коомдук фонду жана "Республика" партиясынын кайрылуусунун негизинде Бишкектин алты участкасында көчмө шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылганын айтты.
Анын маалыматына ылайык, №8 муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон.
"Бүгүн бизде жалпы референдум жана шайлоолор өтүп жатат. Мен сиздерден шайлоого жалпы катышып берүүңүздөрдү суранам. Биздин конституцияга көп өзгөртүүлөр киргизилди. Баш мыйзамдын долбоорун көчүрүп жазып 30 жыл жашап келдик", - деди Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ага өлкө башчы жубайы Айгүл Жапарова менен келди.
Ички иштер министрлигине 255 маалымат келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде маалымат жыйында ИИМдин өкүлү Султан Макилов билдирди.
"Анын ичинен Бишкектен 56, Ош шаарынан 74, Чүй облусунан 67, Ысык-Көл облусунан 5, Нарын облусунан 6, Ош облусунан 24, Жалал-Абад облусунан 15, Талас облусунан 4, Баткан облусунан 4, маалымат түштү. 44 кылмыш болуп, 35 маалымат жоруктар болуп катталды", - деди ал.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаровдун айтымында добуш сатып алуу боюнча эң көп кайрылуу түштү.
"106 кайрылуу келип түштү. Шайлоонун катышуучуларынын укугун бузуу 1, шайлоо укугуна тоскоолдук жаратуу 1, шайлоочулардын добушун сатып алуу 32, административдик ресус 23, шайлоочуларды коркутуу 3, талапкер жөнүндө жалган маалымат таратуу 1, үгүт иштеринин шарттарын бузуу 12, документтерди жасалгалоо 2, шайлоо кампаниясында тартип бузуу боюнча 3 жана башка кайрылуулар болду", - деди ал.
Бишкектеги №1127 шайлоо тилкесинде шайлоого келген жарандардын кезеги узарып кетти. Анткени добуш кабыл алуу урнасы 10 мүнөткө иштебей калды. Азыркы учурда урна кайрадан калыбына келип, иштеп баштады.
Президент Садыр Жапаров Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берет. Аталган тилкеде өлкө башчынын келишине даярдыктар көрүлүп, жол боюнда укук коргоо органдары нөөмөттө турат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да президенттин добуш берүүсүн чагылдырууга даяр.
Бишкек шаарындагы №1303 шайлоо тилкесинде добуш берүүгө келгендердин басымдуу бөлүгү жаштар экенин байкоого болот. Алардын катарында 23 жаштагы Дүрдана Каныбекова дагы бар, ал кайдыгер карабай атайын келип добуш бергенин айтып төмөнкүлөргө токтолду.
"Мен референдумга бюллетень толтурган жокмун. Анткени президенттик башкарууга макул эмесмин. Ал эми партиялардан өз тандоомду жасадым", - деп билдирди ал.
Айылдык кеңештердин депутаттыгына 18 миң 772 талапкер ат салышууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.
"Бир орунга экиден адам атаандаш болуп жатат. Ал эми шаардык кеңештерге 11 миң 782 талапкер каттоодон өттү. 28 шаардык кеңешке, 420 айылдык кеңештерге шайлоо өтөт. Добуш берүү убактысы саат 20:00дө бүтөт. 3 миллион 318 миң 130 шайлоочу жергиликтүү кеңештерге добуш берүү тизмесине киргизилген. Ал эми референдумга 3 миллион 606 миң 201 шайлоочу киргизилди", - деди ал.
Бул арада Бишкектеги №1204 шайлоо тилкесинде кезек күткөндөр көп.
Аталган шайлоо тилкесине алгачкы шайлоочу саат 8:05те кирип келди. Кезек күткөндөр көп. Бул жарандардын өз активдүүлүгүн таң атпай көрсөтө баштаганынан кабар берет.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2 миң 435 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталганын айтты.
"Бүгүн саат 8:00дөн баштап 2 миң 435 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Чет өлкөдө 48 шайлоо тилкеси референдумга добуш берүүдө. Добуш берүүчү жайдан тышкары 19 миң 298 шайлоочу киргизилген, кечээ анын 17 миң 99у добуш беришти.
Добуш берүү саат 20:00дө аяктайт", - деди ал.
Садыр Жапаров: "Келечекти ойлогон, келечекти сөзсүз курат". Мындай пикирин өлкө башчысы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.
"Келечекти ойлогон, келечекти сөзсүз курат! Ар бир адамдын колдоосу ар дайым өлкө башчыбызга дем-күч жана шыктануу берет. Өнүгүү жана жоопкерчиликтүү башкаруу системи эртеңки элдик референдумдан кийин байкалып баштайт. Ошондуктан 11 апрель референдум күнү сиздин берген добушуңуз келечекти аныктайт", - деп жазылат билдирүүдө.