Талас облусунда 9-класстын окуучусун өзү курактуу балдар сабап, ооруканага түштү

Талас облусунда 9-класстын окуучусун өзү курактуу балдар сабап, ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү саат 13:20 чамасында Кара-Буура РИИБинин Кызыл-Адыр айылында коомдук тартипти карап жүргөн мезгилде өспүрүм балдардын топтошконун байкаган. Жеринен текшерүү учурунда Ж.Субанбеков орто мектебинин 9-класстын окуучулары ошол эле мектептин күн чыгыш тарабында чогулуп, милиция кызматкерин көрүп качып кетишкен.

"Аталган факты Кара-Буура РИИБинде электрондук эсепке алуу журналына катталып, тергөө-ыкчам тобу Кызыл-Адыр айылынын Кожомуратов көчөсүндө жайгашкан Ж.Субанбеков орто мектебине барып териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Ошол эле күнү 9-класстын окуучусунун апасы баласын өзү курактуу балдар уруп кетти деп билдирген. Натыйжада окуучу алган жаракатынан улам Кара-Буура райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган арыз жана билдирүүлөр Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Аталган факты боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Ысык-Көлдө окуучулар арасында массалык мушташ чыгып, алардын бири оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Белгилүү болгондой, мушташка 9-10-класстардын окуучулары катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан