SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө окурман кайрылды. Анда Ош шаарындагы №5289 шайлоо тилкесинде урна 2 саат бир иштеп, бир иштебей 40 мүнөттөн бери такыр эле иштебей турганын айтат.
"Ош шаарындагы №5289 шайлоо тилкесинде урна 2 саат жакшы иштебей, 40 мүнөттөн бери такыр иштебей турат. Сыртта 200дөй адам күтүп жатат. 100дөй адам түштөн кийин келе турган болуп, кайра кетип калышты. Саат 8ден 10го чейин урна жакшы иштеген эмес, ал эми 10дон баштап иштебей жатат. Шаардык мэриядан келип, БШКнын катачылыгы деп кетип калышты", - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.