Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 25,81 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы шайлооого 3 миллион 318 миң 130 добуш берүүчүлөрдүн тизмесине кирген. Анын 856 миң 404 шайлоочусу добуш берди. Шаардык кеңештерге 254 миң 732, айылдык кеңештерге 601 миң 672 шайлоочу добуш берди.