Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелериндеги референдумга шайлоочулардын катышуусу 4,16 пайызды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымында, саат 18:00гө карата чет мамлектте 7 шайлоо тилкеси жабылды. Алар Түштүк-Сахалин, Владивосток, Малайзия, Корея, Пекин, Иркутск, Гуанчжоу.
Чет мамлекеттеги Кыргыз жарандары референдумга добуш берүүдө. Вашингтондо шайлоо тилкеси ачылды.