Бишкектеги көчөлөрдүн биринде аялын сабаган жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду

Кечээ, 11-апрелде социалдык тармактарда Бишкекте кызды сабап жаткан видео тараган. Аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрель күнү саат болжол менен 19:00 чамасында 102 кызматына Кустанайский жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милиция кызматкерлери барышып, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран өзүнүн 1987-жылы туулган Ю.Н. аттуу аялын сабагандыгы белгилүү болгон. Аталган жаран Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене "бейбаштык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти Биринчи Май РИИБинен.

Бишкектин көчөсүндө аялын сабаган жаранга кылмыш иши козголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aidan_Ek
2021-04-12 10:18:47
Байкуш аялдар, эркек аттуудан коркуп жашап калбаса экен. Эркек-аял гормонияда жашаса...
+4
Nursul
2021-04-12 11:25:05
Тынчтык болсунчу деген сайын очошконсуп күндө зордук зомбулук адамдар ушунчалык келесоо болуп калдыкпы.
+6
Taku.14.02
2021-04-12 13:27:47
фото селфини жакшы коротго булар ее
-1
Zarema11
2021-04-12 13:58:40
Мне балее болгон кээ бирки эркек сөрөйлөргө.
+3
Noon
2021-04-12 16:38:24
Кебетен менен кара ж..ге киргир
+1
Tatu_8889
2021-04-12 17:49:08
92-ж куйоосу,87-ж аялы...
0
Гүлзина Каныбекова
2021-04-13 09:38:21
Tatu_8889, Ооба
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан