Кара-Сууда 7 жаштагы наристе ээн талаада зордукталган. Шектүү кызды кантип ээрчитип кеткени териштирилүүдө

Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалган. Бул окуя боюнча кененирээк Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Нурсултан Курманбеков SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

Зордукталган 7 жаштагы кыз айылдагы мектепте 1-класста окуйт. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, 2 уул, бир кыз. Кыздын ата-энеси Орусияда иштеп, балдарын таене-таятасы багып жүргөн. Бирок биздин кызматкерлер аталган адамдардын үйүнө барганда алардын үйүндө бардык шарттар бар жана талаптарга жооп берерин айтышты. Ошондой эле таене-таятасы билимдүү кишилер экенин жана неберелерин жакшы карап жүрүшкөнү айтылды.

"Окуя болгон күнү кыз мектептен келип, ойногону курбусунукуна келген. Экөө ойноп, кеч кирип калганда курбусунун апасы кызды таенең издеп калат деп үйүнө кетирген. Кызды шектүү эки айылдын ортосундагы ээн талаага алып барып, зордуктаган. Азырынча кызды кантип ал жерге алып барганы териштирилип жатат.

Небереси кечиккендигинен улам таене-таятасы издеп чыгышкан. Айыл тургундары дагы издеп, кызды аталган жерден табышкан. Кыз ыйлап отурган, ал эми шектүү качып кеткен".

Учурда кыздын апасы Орусиядан келди. Кыз Ош облустук балдар ооруканасында апасы менен бирге дарыланууда. Ал өзүнө бир аз келип, сүйлөп калды. Апасынын айтуусунда, балдарын Москвага алып кетет.

"Биздин кызматкерлер жашы жете элек кыздын таламдарын коргоо максатында тергөө иштерине катыша турганыбызды билдиребиз", - деди Курманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ozgocho111
2021-04-12 15:32:13
Акмак, жазасын кудай берсин
+13
nazira...
2021-04-12 15:37:40
Акмакты жер да влбаса керек.
+7
Mr.altynbek
2021-04-12 15:40:33
Бычып салыш керее
+9
ZHYRGAl1412
2021-04-12 15:42:56
Бычып сала турган закон киргизиш керек 16жашка чейинки кыздарды зордогондорго
+7
Jacob.
2021-04-12 15:45:31
ZHYRGAl1412, 16 жаштан кийинкилерди боло бере тургансып жазыпсын да, чочогуна эгадар боло албагандардын баардыгын кесиш керек..
+7
portugalia
2021-04-12 15:59:33
Камабай олум жазасын бериш керек.Эмне кереги бар боору жок бейбаштардын.
+4
JaneEr
2021-04-12 17:41:58
3-4 ушундай зоокурду атып же бычып салса анан кичине токтойт беле?А то турмодон коркпой атат эч ким
+3
Nina.alex
2021-04-12 18:50:47
Наркоз сайбай бычыш керек
+3
Altins77--
2021-04-12 21:42:57
Топ балдар барып туруп кесип салгыла .андан ары милция закондуу турдо камасын
+1
Paol
2021-04-13 01:17:25
Акмак десе, эч эле ушундайларга бир катуурак жаза бербединер го!!!Өлүм жазасына тартылсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан