"Апасы Орусияга кетип, таенесинин колунда калган". Ошто 7 жаштагы кыз зордукталып, шектүү катары 26 жаштагы жаран кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну 7 жаштагы Н.А. аттуу жашы жете элек кыз Кайрагач айылынын талаасы аркылуу үйүнө кетип бараткан учурда зордукталып, Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмыштын изи сууй электе кылмышкер Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну 26 жаштагы Н.уулу.А. экендиги аныкталып, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен шектүү катары кармалган. Ал жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгын толугу менен моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалды", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Н.А. аттуу 7 жаштагы жабырлануучу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну, 1-класстын окуучусу болгон. Учурда таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Апасы Орусияда эмгектенип жүргөндүгү белгилүү болду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
bbek
2021-04-10 14:02:58
Учоо тортоон атып эле салгылачы ушуларды же колунардан келбесе элдин колуна салып бергиле ташбаранга алып олтурот
+12
KaGaH
2021-04-10 14:29:04
Тоок болосуң эми зонада
+10
NURSAPAR
2021-04-10 14:35:25
Өлтүрүп салбайлыбы. Колум калтырабай эле ташбараң кылмакмын.
+8
gulya583
2021-04-10 15:27:12
Тооба кылдым. Кебетеси деле суукко. Гейлерге окшоп
+6
Mr.altynbek
2021-04-10 16:32:05
2 жаш дагы боло элек кызым бар.окуп алып корктум
+7
portugalia
2021-04-10 17:13:48
Олуп эле калбаптыр желмогуз.Элдер кимге кандай жардамым тиет экен деп журсо,ушуга окшогон зоокурлор кутурушту.Олум жазасын алсын!!!
+5
MAKALAK
2021-04-10 17:36:17
Өлтүрүп салгылачы мындай акмакты.Элди какшатпай өлүм жазасын бергилечи
+7
Zarema11
2021-04-10 19:51:21
Айылдаштары ур токмоко алып кыйнап асып койгула . Билсин эл жазаларын. Милиция эмес. Антпесе башкага да зыяны тийет. Көбөйүп баратат жарты ойлуу айбандан төмөн эки буттуу сөлөкөттөр. Кудай өзүң сактай көр. Эмне деген айбандар пайда болуп жатат заманыбызда.
+7
munduz2016
2021-04-10 21:11:22
Хирургка эле алпарып кестирип салыш керек чурбандыкын.
+4
Guliza-86
2021-04-10 22:03:17
Тез арада педофилдерге оор жаза киргизбесе болбойт.кыздарыбызды эч жака чыгарбастан алып отурсак дагы болбосо.
Кыздарды эле карап жүрөйүн десек баскан турганын, эркек балдарды деле зордуктап жатышат
+7
raykray
2021-04-10 23:58:07
Эх журогум не заман болду ((( . Байкуш кыз
+3
oopapa
2021-04-11 07:03:32
Дин менен жашасак ушул нерселер жоголот. Кыздын жакындарыга кыйын болуптур.
0
AykaMer
2021-04-11 10:21:37
Акмак экен... Турган кебетеси да жагымсыз болот турбайбы мындай акмактардын, жүзүндөгү нуру өчүп шайтандан бетер го... Өлсө да жер албайт,бычып салуу керек. Өмүр бою кыйналып өтсүн. Өлсө жаназа да окулбасын, ушундай чечим чыгаруу керек. Ошондо өлгөндө жуунтуруп жатканда бычылганын эл көрүп ии бул акмакка жаназа окулбайт деп эле чала жуунтуп эптеп бир жерге көмүп келет. Мазарга деле койгонго болбойт. Тоо ташка көмүш керек,жырткычтар тыткылап жеп жок кылсын... Тообо кылдым,
0
AykaMer
2021-04-11 10:31:02
Сүрөтүн көрүп муунтуп өлтүрүп салгым келди,акмакты. Кудай жазаңды берсин. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек кыздын бактысына балта чаптың акмак. Ушунчалык өлүп баратсаң сойкуларга бар, үйлөнүп катын алып таң аткыча жатпайсыңбы мага десе. Мурда кыска кийинди,тар кийинди деп туруп калды дейт эле. Азыр жашы жете элек уул болобу кыз болобу не важно, көрүп эле тургузуп жатат. Эмне ушунчалык сенсорный болуп кеттиңерби,ыя?! Жаш кызды көрүп кандай аппетит ачылышы мүмкүн?! Кантип?
0
AykaMer
2021-04-11 10:35:40
Буга окшогон акмактардын баарын чогултуп бычып,анан эшектей иштетиш керек. Стройка,көчө шыпыруу,канализация тазалоо,кыскасы ошондой иштерде бекер иштетсе болот. Жөн эле камерага камап коюп тооктой кылып бакпай. Ошондо шаар таза,бекер ишчи акча эконом болот... Бекер жүргөн милициялар талтайып креслодо отурбай ушулардын артынан калбай иш бүткүчө карап жүрүш керек,даже шарт...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан