UFC: Дастин Порье Конор Макгрегорду өзү убада кылган жарым миллион долларды бере элек деп айыптады. Буга Хабиб реакция кылды

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор америкалык мушкер Дастин Порьенин кайрымдуулук фондуна 500 миң доллар берем деген убадасын аткарган жок. Бул тууралуу америкалык мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Сен менин кайрымдуулук фондума кайрымдуулук иретинде жардам берүүнү убада кылгансың. Бирок январь айындагы беттештен кийин сен жана командаң унчукпай калышты. Жакында көрүшөбүз,10-июлда бардыгын төлөп бересиң!" - деп жазды Порье.

Бул билдирүүнүн астына UFC уюмунун мурдагы жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов дагы аралашты. Ал билдирүүгө бир адам “Мен сага сөз бердимби? Мен аны кайра алып жатам" деп сүйлөгөн видеону калтырган.

Бул эки мушкер эки жолу беттешкен. Биринчи беттеши 2014-жылы өтүп, анда Макгрегор жеңишке жеткен. Экинчиси ушул жылдын 24-январда "UFC 257" турниринин алкагында өтүп, анда Конор Макгрегор Дастин Порьеге беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2021-04-13 05:24:29
Порье бекер кылды да муну күтүп турбаптыр, эми конор экөөнүн 3 завершающий бою отмена болду, ач көз пюре баарын өлтүрдүн да калаваран десе. Эми акчаң дагы и кийинки алуучу пулун дагы пышты эшек десе.
-6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан