Ырчы Ишен Назаров 4 жаштагы кызы менен дуэт жаздырды

"Апакем" ыры менен таанылган ырчы Ишен Назаров 4 жаштагы кызы Адеми менен дуэт жаздырды. Буюрса, клип дагы тартууну пландап жатканын айтат ырчы.

"Дуэт аткарып чыгуу кызым экөөбүздүн тең оюбузда жок болчу. Менин клиптеримди тарткан досум "Балалык" деген ырды жиберип, "кызың экөөң аткарып койбойсуңарбы, мен клибин тартып берейин, балалык кези эстелик болуп калат" деп калды. Ырды угуп көрүп чын эле жакшы болчудай экен деп кызым экөөбүз аткарып койдук. Буюрса, клип тарталы деп ойлоп жатабыз.

Кызым тили жакшы чыга электе эле "на-на" деп кыңылдап, музыкалык ыргакка түшүп жүрчү", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kun-nuru
2021-04-13 13:30:14
Уну сонун экен омурун берсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан