Жалал-Абад облусунун Кызыл-Үңкүр айылынын тоолорунан Кызыл китепке кирген аюуну өлтүрүп, терисин алып кетип бараткан жаран кармалган. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абад өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаевге байланышканыбызда билдирди.
"Ушул жылдын 9-апрель күнү бизге тоодон бирөө рюкзак көтөрүп түшүп кетти, анда аюу болушу мүмкүн деген маалымат түшкөн. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылына барган убакта рюкзак көтөрүп бир киши келе жаткан экен. Ал кишиге жолугуп, кармаганча ал сумкасын таштын арасына беките салды. Биз ушул окшойт деп кармасак, чындап эле сумкасынан бир баш аюунун териси чыкты. Кармаган соң ал өз күнөөсүн моюнуна алып, чындыгында ушул аюуну тузак менен кармагам деп түшүнүк кат жазып берди.
Ал аталган айылдын токой чарбасында бал челек кармайт экен. Бул аюу бал челектерди талкалай бергенинен тузак коюп, аюу түшүп калгандан кийин башка чаап өлтүргөн. Эти ошол жакта калып, терисин алып келе жаткан. Биз ошол жерде токой чарбанын бир кызматкерин кошуп, төртөөбүз акт түздүк. Эртеси дем алыш күндөрү болуп калганына байланыштуу бүгүн, 12-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына материалды өткөрүп бердик. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылынын 3-майындагы 224-токтомуна (2020-жылдын 7-декабрындагы 595-токтому менен өзгөртүү киргизилген) ылайык бир баш аюуга бир миллион сом доо коюлат", - деди Сатимбаев.
2020-жылдын аягындагы санак боюнча Жалал-Абад облусунда Кызыл китепке кирген 234 аюу бар.