Араванда эки унаа сүзүшүп, анын ортосунда калган 26 жаштагы кыз ооруканада

Ош облусунун Араван районунда 26 жаштагы кыздын катышуусундагы жол кырсыгы иликтенүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош облусунун Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда 12-апрель күнү саат 11:30 чамасында ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүккө көздөй карама-каршы жолдо бара жатып, жолдун чыгыш тарабынын четинде токтоп турган Хюндай-Портер үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.

Натыйжада жолдо бара жаткан Араван районунун Пахта-Абад айылынын 26 жаштагы тургуну автоунаалардын ортосунда калып, денесинен жараат алган. Жаракатынан улам Араван райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар даярдалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sagyn.91
2021-04-13 11:58:44
Видео сун коруп журок тушуп калды. Абайлап айдагылачы улуу урматтуу айдоочулар! Силер озунор олсонор мейли, а бирок бул жактагы кишилер жабыр тартып жатпайбы!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан