Ошто үч окуучудан коронавирус аныкталып, алар окуган класстар карантинге жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталы шаардык саламаттыкты сактоо координатору Кыялбек Ташболотовго кайрылганыбызда билдирди.
"Коронавирус жуктуруп алган үч окуучу тең бир үй-бүлөдөн. Атасы Бишкектен жуктуруп, Ошко келгенден кийин үй-бүлөсүнө жуккан. Анын эки баласы Жетиген мектеп-лицейинде, бирөө Олимп гимназиясында билим алышат. Бүгүнкү күндө окуучулар окуган класстар мугалимдер менен бирге карантинге жабылды", - деди Ташболотов.