Өмүрбек Текебаев: "Апа, баары жакшы болот!"

Бүгүн, 13-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши каралып, алар акталды.

Отурумдан кийин Текебаев журналисттердин суроосуна жооп берип, соттун чечимине көп кубанбагандыгын айтты.

"Эмнегедир менде да, үй-бүлө мүчөлөрүндө да кубануу сезими болгон жок. Азыркы сезимдерди мен кубануу эмес, жеңилденүү деп айтар элем. Бүгүнкү чечимден абдан кубанган бир кишини билем, ал апам. Соттук отурум кайсы күнү болорун мен унутуп калсам да, апам унутпай сурап турат. Апам бүгүн эртең менен жандандыруу бөлүмүнөн чыкты. Бул кабар аны кубандырып, дем берип, айыктырат деп ойлойм. Апа, баары жакшы болот", - деди Текебаев.

Окуянын чоо-жайы:
2019-жылдын 21-августунда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.
29-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Өткөн жылдын октябрь окуяларынан кийин депутаттык кызматын кайтарып алган саясатчы Өмүрбек Текебаев кайрадан мандатынан ажыраган. Жогорку Сот 3-мартта Текебаевдин депутаттык мандатынын кайра берилишине байланыштуу ишти карап, Бишкектин Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырган.

Өмүрбек Текебаев акталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ooki8888
2021-04-14 10:00:40
Эми мындан ары Апанды капа кылба.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан