Футбол: Виталий Люкс улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын чабуулчусу Виталий Люкс улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн. Бул тууралуу улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 14-апрелде өткөн маалымат жыйынында айтты.

"Бул кырдаалга 100 пайыз көзөмөл кылабыз. Карьерасын бүтүргөндөр өздөрү келип айтышат деп ойлойм. Виталийде азыр футболго байланыштуу иш-чаралар жок. Ошондуктан карьерасын жыйынтыктаса дагы, жыйынтыктабаса дагы өзү айтышы керек. Бүттү деп айтпайм. Ал азыр оюндар токтогонуна байланыштуу футболдон алыстап кетти. Жашоо керек, мен баарын түшүнүп турам", - деди Крестинин.

Анын айтымында, пандемияга байланыштуу Германияда айрым футбол мелдештери, анын ичинде Виталий Люкс ойногон лига убактылуу токтотулган. Мындан тышкары ал Виталий Люкс учурда улуттук кураманын тизмесинде бар экендигин кошумчалады.

32 жаштагы Виталий Люкс Кыргыз улуттук курамасында 2015-жылы 11-июнда Бангладеш курамасына каршы оюнда дебют жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан