Эмне үчүн айдоочуларга метанга өтүү пайдалуу?

Метан — бул кысылган, бир нече баскычтагы тазалануудан өткөрүлгөн, магистралдык түтүк аркылуу түз май куюу бекетине келген кысылган жаратылыш газы. Метан – баасы өсүп бара жаткан пропан-бутанга (аны көмүр суутектүү суюлтулган газ же автогаз деп да аташат), бензинге жана дизелге пайдалуу альтернатива. Ал бензинден 2,3 эсе арзан, кыймылдаткыч үчүн экологиялык жактан таза жана коопсуз.

Макалада сиз негизги суроолорго жооп ала аласыз:

— эмне үчүн метан экологиялык жактан таза, кыймылдаткыч үчүн коопсуз жана таза;

— Кыргызстандын кайсы жеринен метанды куйса болот;

— Honda Fit унаасы үчүн метан ГБЖсы канча убакытта акталат;

— айдоочулардын ою: метан менен жүрүүдөгү артыкчылыктары жана терс жактары;

— метан же пропан-бутан: кайсынысы жакшы.

ПРОПАН-БУТАНГА, БЕНЗИНГЕ ЖАНА ДИЗЕЛГЕ ПАЙДАЛУУ АЛЬТЕРНАТИВА

Бензинден 2,3 эсе арзан. Метандын 1 кубун 21 сомго, пропан – 1 литрин 25 сом, 92 бензин – 1 литрин 46 сомго куйса болот.

Метандын арзандыгынан дагы кыйыр өзгөчөлүгү бар: 1 литр бензинге караганда 1 куб метр метан менен көбүрөөк километр жүрөт. Пропан менен тескерисинче бензинге караганда 15-20%га көбүрөөк чыгым болот.

Жүк ташуучу унааларды чыгарган шведдик Scania компаниясынын эксперттеринин эсептөөсү боюнча: 1 жүк ташуучу унаа метан менен жүрсө, анда ал 1 километрине 6,87ден 11,25 рублге чейин же 7,55-12,36 сомго чейин үнөмдөйт. Бир жылдагы метан менен жүргөн 260 000 чакырым аралыгында үнөмдөө 2,2 млн. рублди же 2,417 млн сомду түзөт.

Ал эми жеңил унаалардын айдоочулары бир жыл орточо 20-25 миң чакырым аралыгындагы үнөмдөөсү 40-55 миң сомду түзмөкчү.

Экологиялык жактан таза. Метандын химиялык формуласы - CH4. Анын курамында көмүртектин жалгыз 1 эле атому бар. Бул деген метан куйгөн учурда атмосферага 85% көмүртектен турган бензин же дизель майына салыштырмалуу көмүр кычкыл газын 20-30%га аз бөлүп чыгараарын билдирет.

Метандын курамында күкүрт жок. Бул экология үчүн пайдалуу: отун күйгөн учурда бензиндин же дизелдин күкүрт оксиддери суу менен реакция болуп, күкүрт же күкүрттүү кычкылдыкты пайда кылат. Ал кычкылдыктар өсүмдүктөргө зыянын тийгизет, өз учурунда өсүмдүктөр көмүр кычкыл газын сиңирбей же кычкылтекти бөлүп чыгарбай калат.

Евро-2 классындагы орточо эсеп менен 5%ды түзгөн бензол метандын курамында жок. Бензол адамга жана жаныбарларга өтө зыяндуу. Бензол күйгөн учурда бензпирен пайда болот – бул өтө күчтүү канцерген зат. Анын бөлүкчөлөрү оор жана жер кыртышына тез эле отурат. Отунда бензол канчалык көп болсо, адамдын бензпирен менен дем алуу коркунучу өтө чоң. Ал эми түтүн чыккан түтүктүн жанынан өткөн үй жаныбарларынын коркунучу дагы өтө жогору.

Метан – экологиялык жактан таза жана ден соолукка коопсуз отун болуп саналат.

Кыймылдаткыч үчүн таза. Метан май куюу бекетинин мастери Сергей Чигрин кыймылдаткыч үчүн метанды эң таза отун деп эсептейт. Себеби – жаратылыш касиети жана метан май куюу бекетинде үч жолку тазалануудан өтүүсү.

Көптөгөн айдоочулардын белгилөөсү боюнча, метан менен иштеген кыймылдаткыч акырын жана тегиз иштейт – газ аба менен оңой аралашып, цилиндрлерди бирдей толтурат. Мындан тышкары, метан цилиндерлердин ички бетиндеги май пленкасын жууп кетпейт жана күйүү камерасынын бөлүктөрүнө терс таасирин тийгизе турган зыяндуу аралашмаларды камтыбайт. Газ аралашмасы толугу менен күйөт, ошого байланыштуу поршень, клапан жана жандыруу свечасында көө аз өлчөмдө топтолот.

Scania компаниясынын изилдөөчүлөрү метан кыймылдаткычтын иштөө мөөнөтүн 1,5-2 эсеге жогорулатаарын далилдешкен (7-бөлүм: «А что насчет ресурса двигателя»).

Метан менен жүргөн drive2.ru колдонуучусунун жандыруу свечасы. Жүрүү аралыгы – 20 000 км.

Коопсуз. Жогору басымдагы баллондогу метан оңой эле жарылып кетиши мүмкүндөй көрүнүшү мүмкүн. Бул жөн гана миф. Метан абадан 2 эсе жеңил жана ал кысылып чыккан учурда жарылганга чейин бат эле абага тарап кетет. Мисалы, пропан-бутан кысылып чыккан учурда бир жерге чогула берет жана өзүнөн-өзү өрт чыгышы мүмкүн.

Метандын коопсуздугун Россиянын ӨКМи күйүүчү заттардын бөлүнүшүндө расмий тастыктаган. Метан эң коопсуз төртүнчү, бензин – үчүнчү, пропан-бутан – экинчи категорияга кирет.

Метан ушунчалык коопсуз болгондуктан, Европада май куюу бекеттерин эл жашаган аймактарга дагы курушкан.

10.07.2009 ж. РФнын ӨКМнин "Өндүрүш объектилериндеги өрт чыгуу тобокелдигинин ченемдик көлөмүн аныктоо ыкмаларын бекитүү тууралуу" n 404 буйругу менен кабыл алынган сезгичтик деңгээли боюнча күйүүчү заттардын бөлүнүшү.

КЫРГЫЗСТАНДА МЕТАНДЫ КАЙСЫ ЖЕРДЕН КУЙСА БОЛОТ

Метанды АГТКСнен – метан май куюучу бекеттеринен куйса болот. Андай жайлардан 5 бекет бар, баары тең Чүй облусунун аймагында жайгашкан.

Даректери:

  1. Бишкек ш., Костанай көч., 121а, Кудайберген базарынын аймагы
  2. Ленинское айылы, Алма-Ата көч., 1/2
  3. Пригород айылынан ылдыйраак Васильев трактыкдагы Достук айылы
  4. Кара-Балта ш., Сосновка тарапка кеткен бурулуш
  5. Токмок ш., Султан Ибрагимов көч., 413.

МЕТАН ГБЖ КАЧАН АКТАЛАТ

Газ баллон жабдыктарын кыймылдаткычтын көлөмү чоң жол тандабастарга орноткон пайдалуу деген жалпы ой-пикирлер бар. Аз литраждуу унааны айдаган айдоочу метанга өткөндө канча каражат үнөмдөй алаарын эксперттер менен бирге санап көрдүк. Мисалы Бишкек шаарында эң көп тараган унаалардын бир модели 1,5 л көлөмдөгү, 2005-жылкы 1-муундагы Honda Fit алдык.

4 цилиндр кыймылдаткыч үчүн коротула турган чыгым – 600$ же 50900 сом. Бул орточо эсеп менен пропан-бутан үчүн ылайыкталган итальялык ГБЖнан 100$ кымбатыраак. Honda Fit унаасынын 92-бензин менен аралаш циклде жүргөндөгү чыгымы – 100 чакырымга 8,1 л. Эсептөө үчүн бир айлык жүргөн аралыгын алсак – 2000 км, бул болжол менен суткасына 66 км.

Honda Fit унаасына орнотулган ГБЖсы так 1 жылда акталат. Андан ары – 2,3 эсе үнөмдөө.

Айдоочулардын ою: метан менен жүрүудөгү оң жана терс жактары

Владимир Вольф, Бишкек шаарынан келген айдоочу:

«Газ арзан жана үнөмдүүрөк. Эгерде мен 1000 сомго бензин куйсам, болгону 100 чакырымдай гана аралык жүрөм. Ал эми 1000 сомго метан куйсам, аны менен 300 чакырым жөн эле жүрөм. Терс жагы – май куюу бекеттери аз. Дагы көбөйтүшсө жакшы болмок. Мисали, Кантка же Сокулукка курушса».

Белек Рахманов, Бишкек шаарынан келген айдоочу:

«Эгерде акча жагынан карай турган болсок, анда метан арзан. Ал 21 сом турат жана литр менен эсептелбейт, куб менен эсептелет. Пропандын литри 24-25 сом турса, метандын 1 кубу 21 сом турат. Бул жерде куб көбүрөөк экенин баардыгы эле жакшы түшүнүшөт».

Сергей Чигрин, метан май куюу бекетинин мастери:

"Метан — экологиялык жактан таза жана калдыксыз отун болуп саналат. Эгерде экономикалык түзүмүн ала турган болсок,анда метан бензинден 2,5 эсе арзан. Аны жеткирүү боюнча эч кандай көйгөй жок – метан масистралдык газ өткөргүчтөр аркылуу жеткирилет. Кургатылгандан жана тазалангандан кийин метан 103-105 октандуу бензин менен тең болуп калат.

Биздин бекеттен газ куйган айдоочулар кыймылдаткычтын жакшы деңгээлде иштээрин айтышат – жандыруучу свечада көө топтолбойт. Ошондуктан метанга өтүңүздөр – бул таза отун, келечек, акырында бул биздин өпкөлөрүбүз".

МЕТАН ЖАНА ПРОПАН-БУТАН: КАЙСЫНЫСЫ ЖАКШЫ

Метан жана пропан-бутанды көп учурда алмаштыра беришет. Бирок, булар таптакыр эки башка автомобиль газдары. Метан – жаратылыш газы, чоң басымда кысылган газ түрүндөгү зат. Ал түз эле магистралдык газ өткөргүчтөрдөн келет жана тазалоодон өткөрүлөт.

Пропан-бутан — суюлтулган газ, мунайды иштеткенден кийинки продукт. Аны коштоочу мунай газдарынан жана мунайдын өзүнөн алышат. Суюлтулган абалга жеткирүү үчүн 6-16 атмосферде кысышат. Бул газдарды айына 2000 км жүргөн Honda Fit унаасынын мисалында салыштырабыз.

Метан арзаныраак, экологиялык жактан таза, кыймылдаткыч үчүн таза жана коопсуз. Бирок, пропан-бутандын жүрүү запасы жогору жана аны Кыргызстандын баардык региондорундагы май куюучу бекеттеринен куйса болот.

Азамат Кадыров, «ГБО Стандарт» ЖЧКсында ГБЖ слесарь-орнотуучу – пропан-бутан жана метан ГБЖсын орнотуу менен 2014-жылдан бери алектенип келет:

«Практика көрсөткөндөй, метан ГБЖсы орнотулган унаа техникалык оңдоого азыраак муктаж. Бул биринчиден метан таза отун экендигин далилдеп турат, себеби ал май куюучу бекетте үч жолку тазалануудан өткөрүлөт. Жараталыш газы АГНКСке газ өткөргүч аркылуу жеткирилет жана ошол эле жерден тазаланып, кургатылат. Ал эми пропан-бутан аралашмасы май куюу бекеттерине даяр түрүндө жеткирилет жана анын сапаты дагы ар кандай. Республикада пропан-бутандын сапатын текшерүүчү бир дагы лаборатория жок».

Жыйынтык:

Ар бир отундун оң жана терс жактары бар. Ар бир айдоочу үчүн оң жана терс жактардын маанилүүлүгү ар кандай: кимдир бирөө азыр үнөмдөгүсү келет, башкасына бөлүнүп чыккан заттардын тазалыгы жана кыймылдаткычка тийгизген таасири маанилүү болсо, дагы бири 3 отун системасын орнотуп алышат жана тандоо жөнүндө ойлонушпайт.

Бензин, дизель, пропан-бутан же метан? Тандоо өзүңүздө. Кайсынысын тандабаңыз, сапаттуу отун болот деп ишенебиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан