Бүгүн, 14-апрелде 143 миң тонна колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилер темир-тезек катары 11 миллион 920 миң сомго сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, колдонулган жана жарактан чыккан мамлекеттик белгилерди сатуу боюнча аукцион болуп өттү. Аны Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" ишканасы уюштурган.
"1 килограмм алюминийдин баштапкы баасы 65 сом деп бааланган. Соодалашуунун натыйжасында 83 сом 23 тыйындан сатылды. Аукциондун жыйынтыгында 143 миң 280 килограмм болгон темир-тезек 11 миллион 920,9 миң сомго сатылды", - деп жазылат билдирүүдө.
"Унаа" муниципалдык ишканасынын маалыматына караганда, 2018-жылдан бери кампаларга салмагы 143 тонналык утилизацияланган автономерлер толуп калган. Түшкөн каражат мамлекеттик бюджетке которулат.