Жогорку Кеңештин комитетинде “Кара-Балта тоо кен комбинатынын" борбордук илимий изилдөө лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу боюнча көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Депутаттар “Кыргызалтындын” аффинаждоо заводунда болушту. Бул завод 1992-жылы пайдаланууга берилген. Алтын кенин казып, аны алтынды иргеп ала турган фабрикага салып, андан күмүш аралашкан куйманы алып, анан келип аффинаж заводунан төрт тогуз маркасындагы таза алтын куймасын чыгарып алышат. Бул завод да улам жаңыланып турууга муктаж. Ушул эле жерде Кара-Балта тоо кен комбинатынын лабораториясы бар. Бир учурда комбинаттын аффинаж заводунан башка бөлүгү менчиктешип кеткен.
Эл өкүлдөрү кен байлыктарына мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу максатында Борбордук лабораторияны колдоо зарылдыгын белгилешип, анын ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтышты.