Эртең, 15-апрелде Ош, Баткен облусунун кээ бир аймактарында пландаштырылган оңдоо-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Ошэлектр" ААКсынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, төмөнкү аймактарда саат 8:00дөн 17:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт:
* Кара-Суу районунун Кашкар, Кызыл-Мээнет, Кайрат айылдары, Кара-Суу шаарынын Ленин, Пушкин, Нурахунов, Ош, Өзгөн көчөлөрү.
* Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Ак-Турпак, Пүлгөн айыл өкмөттөрү, Кадамжай шаары.
* Араван районунун С.Юсупов, А.Анаров айыл аймактары.
* Лейлек районунун Катран, Лейлек айыл өкмөттөрү.
* Ноокат районунун Ноокат шаары, Кашкалдак, Айбек, Котормо, Заправка айылдары.
* Өзгөн районунун Кароол, Куршаб, Кызыл-Октябрь, Жалпак-Таш, Кара-Таш айыл өкмөттөрү.
* Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи району, Асаналиева, Молодежная, Масалиев, Энгельс, Кыргызстандын 60 жылдыгы, К.Маркс, Кувасай, Суукана, Каганович, Сулайманабад, Биримдик 1, 2, 3, 4, 5, Кунгей участогу, Хасанов, Рузибай көчөлөрү.
Убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн "Ошэлектр" ААКсы кечирим сурайт!