реклама
super.kg logo

Өкмөт: "2021-жылга экономиканы турукташтыруу боюнча кеңешме өттү"

 

Премьер-министр Улукбек Марипов 2021-жылга экономиканы турукташтыруу боюнча планды талкуулоо жөнүндө кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, Экономиканы турукташтыруу боюнча план бизнес жана кошумча жумушчу орундар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, азык-түлүк жана экологиялык коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле социалдык стабилдүүлүктү жана жарандардын ишкердик активдүүлүгүн колдоого багытталган 100 иш-чараны камтыйт.

Өкмөт башчы экономиканы турукташтыруу боюнча планга жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга салым кошо турган иш-чаралар киргизилиши зарылдыгын белгиледи.

"Бизге жарандар үчүн реалдуу пайда алып келүүчү реформалар керек. Экономиканы турукташтыруу боюнча планда кооз сөздөргө жол берилбестен ал иштиктүү жана реалдуу болушу керек. Өзгөчө басым бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө жасалышы тийиш. Мамлекеттик аппараттын ишине тоскоолдук келтирген бюрократиядан четтөө керек. Дүйнөлүк тажрыйбаны, демилгелүү топтордун идеясын пайдаланып, бизнес өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштургула. Биз биргеликте гана кагаз жүзүндө калбастан иш жүзүнө ашырылуучу документти иштеп чыга алабыз", - деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ал кошумчалагандай, сунушталып жаткан экономиканы турукташтыруу боюнча план кеңейтилип, ага төмөнкү багыттагы пункттарды кошуу керек:

* дары-дармектер каражаты департаментин санариптештирүү, мында дары-дармектердин наркы төмөндөп, тармактагы коррупциялык көрүнүштөр жоюлат;

* агроөнөржай комплексинде кардиналдуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, ага катар бардык аймактарда башкаруунун кластердик тутумун түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн эгүүдө райондоштурууну жана калктын муктаждыгын эске алуу менен талдоо жана пландаштыруу аркылуу айыл чарбаны өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167712;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: