Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылынын айыл өкмөтүнүн имаратына ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов жана губернатор келди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
"Айыл өкмөтүнүн имаратынын ичин басып алышкан. Ичинде бөтөлкөгө куюлган бензин бар. Алар насыя төлөй албаганы үчүн үйлөрүн кайра кайтарып алуу максатында турушат. Алар бардык насыя берген банктардан үстөк пайызды 3 пайыз кылууну талап кылышууда", - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.