Пригородное айыл өкмөт башчысы Бакыт Шеримбековдун айтымында, финансы министринин өкүлүнөн келип, сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу жеринде жүргөн кабарчы билдирди.
"Таңкы саат 5 жарымда 4 аял келип күзөтчүлөр нөөмөтүн өткөрүп берип жатканда кирип, күч менен күзөтчүнү кууп чыгып, ичин бекитип алышкан. Артынан башка аялдар киришкен. Бул жерде отурган аялдардын бири дагы биздин айылдын тургундары эмес. Бишкектен келдик деп айтышууда. Эмне себептен бул жака кирип алгандары такталууда. Азыр түшкө маал аялдарга суу жана башка жегидей азыктарды киргизип бердик", - деди айыл өкмөт башчысы.
Ал окуя толук териштирилип бүткөндөн кийин толук маалымат берүүнү убадалады.