Баткен облусунда 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштердин контрабандасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Ош облусунун тургунунун башкаруусундагы Volvo-FN жүк ташуучу унаа кармалып, ичинен жалпы салмагы 17 тоннадан ашык кургатылган жемиштер табылган.
Такталган маалымат боюнча, кургатылган мөмө-жемиштер мамлекеттик чек арадан сырткары жерлер аркылуу коңшу мамлекеттен Кыргыз өлкөсүнүн аймагына мыйзамсыз киргизилгендиги аныкталды. Аталган унаа жүгү менен тергөө иш-аракеттери аяктаганга чейин УКМКнын "Достук" чек ара постуна жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди.
Учурда бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.