Бишкек шаарынын 3-кичи районунда табылган бир жарым жаштагы наристе апасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 13-апрелде наристенин апасы М.С. 2019-жылы туулган уулу М.А.нын документтерин алып барып, алар 3-кичи райондо жашаган тааныштарына келишкенин, ал жактан чыккан соң уулун отургузуп коюп, кызы менен басып кеткенин айткан. Андан кийин районду жакшы билбегендиктен адашып кетишкен. Келин Москва районунда жашап, таанышынын үйүнө келгенин билдирген.
Москва районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы үй-бүлө чындыгында айтылган райондун аймагында жашаарын, жашоо-шарттары канааттандырарлык экендигин тастыктаган документтерди тапшырган.
Эне менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин Балдар иштери боюнча комиссиянын чечимине ылайык бүгүн, 15-апрелде бала апасына тапшырылган.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте балдар аянтчасынан табылган баланын ата-энеси, жакындары изделип жатканы маалымдалган.