Уу коргошунду колдонуу боюнча маалымат жыйын өттү (видео)

Кечээ, 15-апрель күнү президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бир катар медициналык мекемелеринде болгон. Анда президент коронавирус инфекциясынын белгилери байкалары менен ооруканаларга дароо кайрылууга чакырып, дарыгерлер 2-3 күндө айыктырып чыгара турган ыкма табышкандыгын билдирген.

Садыр Жапаров деген баракча бул постко адамдар "уу коргошун" деген жазуусу бар бөтөлкөлөргө суюктукту куюп жатышкан видеону тиркеген. Бирок билдирүүдөн кийин социалдык тармактын колдонуучулары уу коргошун адамдын ден соолугуна өтө кооптуу экенин жазып жатышат. Мындан улам бүгүн, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жаралган суроолорго жооп берүү максатында маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйын учурунда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду алгач өзү ичип көрө турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mylatka..
2021-04-16 14:20:04
Вакцинага караганда балким колдонуу жолун табышкан болсо 90%уу коргошун ишеничтүү болуш керек.
+1
Mylatka..
2021-04-16 14:24:05
Садыр Жапаров Нуркожоевич бир өлкөнүн башчысы, ар бир Кыргызстандык президентке аманат.С.Жапаров да пайдасыз зыяндуу нерсени өз элине өз жерине пайдалана албайт буга адамдык абийири да жооп бербейт.Мындан 200.300 анан дан көп миңдеген жылдар илгери азыркы укол даарылар болбогон,баары эле даары чөп олдонуп азыркыдай коркунучтуу оорулар жок эле жашап келишкен.Азыр оору көп +даарынын түрү да көп
+2
jashylaiar2
2021-04-16 14:34:34
menin apam jana taajengem uukorgoshun iqip oorusunan sakaigan. Bizdin ailda mindai ikma kop ele koldonulgan eken. Birok aship kalgan suiuktuktu muzdak iqip alip kaza bolup kalgandar da bolgon eken. Uu korgoshundu isik ichish kerek.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан