Саламаттыкты сактоо министри уу коргошун өлкөнүн бардык булуң-бурчунда колдонулуп жатканын айтты (видео)

Бүгүн, 16-апрелде өткөн маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында, Улуттук госпиталда жана Токмок ооруканасында уу коргошун колдонулуп жатканын айтты. Ал ошондой эле өлкөнүн булуң-бурчунун кайсы жеринде коронавирус катталса, ошол жерде уу коргошун бейтаптарга берилип жатканын кошумчалады.

"Биз алгач уу коргошунду колдонууну Токмок ооруканасынан баштаганбыз. Азыр өлкөнүн бардык жеринде уу коргошун колдонулуп жатат. Жети дубандын булуң-бурчундагы кайсы жерде коронавирус менен ооруган бейтаптар болсо, ошол жерде колдонулуп жатат.

Бул уу коргошунду чай сыяктуу кылып эле сүйлөшүп отуруп иче бериш керек. Азыр клиникалык сыноо да өтүп жатат. Мына мен өзүм да кепилдик болуп ичип жатам, азыр мен өлүп калбасам, мени көрүп эле иче берсе болот дейсиңер да. Уу коргошунду күнүнө 4 маал ичүү керек", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Omyke
2021-04-16 16:41:17
Депутаттарда ичсин танаписке чыкканда
0
AdylbekB84
2021-04-16 16:52:56
Орозо туткан эмеско министир байкебиз.
0
forever88
2021-04-16 18:53:05
Бул уу коргошун С.Жнын бизнеси го. Озу да рекламалар журду беле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан