Биз социалдык тармакта

Активист уу коргошунду ичип көрсөтүп берген министрдин үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды

Активист Умай Арыкова саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге каршы Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жарыялады.

Арыкова Башкы прокуратурадан бүгүн, 16-апрелде пресс-конференция учурунда уу коргошунду коронавируска каршы дары катары көрсөткөн министрдин аракетине баа берүү керектигин өтүнгөн. Анда ал уу коргошундун өтө кооптуу экенин жана мындай мамиле расмий протоколдордо жок экендигин эске салгысы келген.

"Анын иш-аракеттери сынга туруштук бере албайт жана бул анын компетенттүүлүгүнө шек келтирет. Бүткүл дүйнөнү коронавирус пандемиясы басып алганына бир жылдан ашты, ал эми Кыргыз өлкөсү пандемиянын эң оор чегинен өткөн өлкөлөрдүн бири.

Министрибиз текшерилбеген элдик ыкмаларды жайылтуу менен өлкөнүн бүтүндөй калкын өлүм коркунучуна алып келип жатат. Мындай кооптуу вирустук инфекцияны дарылоого уу коргошунду колдонууга болбойт, ошондуктан министр жоопко тартылышы керек", - деп жазган Арыкова.

Ошондой эле ал бүгүн арызын тиешелүү мекемеге жеткире албай калганын жана дүйшөмбү күнү арыз жеткириле турганын жазган.

Айтымында, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери жана билдирүүлөрү өлкө калкынын коопсуздугуна шек келтирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Asmat84
2021-04-16 16:57:17
Кысып эле отурбайсыңбы сени ич деп эч ким кыстай элек. Өзүнчө эле акылдуу боло бербей
0
nargiz-sa
2021-04-16 17:52:55
Asmat84,анда сен да ичип көр өлбөсөң башкалар ичсин.
0
Agayu
2021-04-16 18:02:31
Өзү бизге эмне жагат??? Мындай темпте кетсек келечекте кайсыл Күчтүү Кыргызстанды курабыз??
0
aslan_akjol89
2021-04-16 18:34:31
С.Ж "бок дары экен ковидке" десе аны да жейт эми министрибиз.
-2
modem4999
2021-04-16 20:16:31
aslan_akjol89,кресло учун аны деле жейт го
0
Jacob.
2021-04-16 18:44:44
Уу коргошун тайнеңерден чайнегинин капкагы эмес, толук изилдеп чыксанар..
+1
nazira...
2021-04-16 20:02:37
Jacob.,таененди жаман көрөт окшойсун,
+5
Mylatka..
2021-04-16 20:46:20
Бизде баары эле кыйын )))))бир аз мүмкүнчүлүк берели сенин же менин оозума куюшкан жок өздөрү ичип көрүп жатат.Өз өмүрлөрүн тобокелге салып.Андан соң элге сунуштап жатышат.Кызык эле элбиз да ...
+4
gulya583
2021-04-16 21:15:53
Уу коргошун ото уулуу,
0
aikaademi
2021-04-16 21:19:12
Оооой, биздин элге сөз жок. Чын эле ушул жакшы жыйынтык берсе кана эле. Канча деген инсандарыбыздан айрылып калдык дарысы жок. Активист болсо башка жакта активист боло берсин да. Аракет кылып атат. Өзүндө сынап көрүп атат. Жөн койгула. Мындайда эч ким изденгиси да, иштегиси да келбейт. Дагы кайсы активист былжырып коюп прокуратурага каттап отурайын деп
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан