Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Лимонти каймана аты менен белгилүү болгон Алмазбек Сулаймановдун өлүмү боюнча соттук отурум өтмөк.
Бирок айыпталуучу Талгат Шамиевдин сотко алып келинбегендигине байланыштуу бүгүнкү отурум жылдырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган райондук соттун маалымат кызматынан билдиришти.
"Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Талгат Шамиевге карата жазык иши каралууда. Бүгүн, 16-апрелде айыпталуучу Шамиевдин алынып келинбегендигине байланыштуу соттук отурум 23-апрель күнү саат 14:00гө жылдырылды", - деп билдиришти Биринчи Май райондук сотунан.
Эске салсак, 2020-жылдын 28-март күнү Нарында кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Талгат Шамшиев аттуу жаран кармалган. Ал андан соң Нарын ОИИБинин имаратына киши өлтүрүп алдым деп өзү келген.
SUPER.KG порталына өздүк булактар айыпталуучу атасынын өчүн алганын билдиришкен. Айыпталуучу Имаш Шамиев аттуу Нарын облусунун тургунунун уулу болгон. Шамиев 1997-жылы Алмаз Сулайманов тарабынан каза болгону маалымдалган.