Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор менен АКШлык мушкер Дастин Порьенин беттешине билеттер бир нече секундда сатылып кетти. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, UFC 264 беттешин 10-июлда Лас-Вегаста өткөрөт. Беттешти трибунадан 20 миңден ашуун күйөрман көрөрү күтүлүүдө.
14-апрель күнү UFC уюму беттеш болорун тастыктаган. Ага чейин социалдык тармактарда мушкерлердин ортосунда пикир-келишпестиктер чыккан. Порье Макгрегорду америкалыктардын кайрымдуулук фондуна убада кылган кайрымдуулук жардамын бербей жатат деп айыптаган.
Буга жооп иретинде Макгрегор беттештен баш тартарын билдирген.