Нарында алгачкы жолу бел омурткадагы грыжаны алуу операциясы жасалды. Бул тууралуу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн травматолог дарыгери Талант Калдыбаевге байланышканыбызда белгилүү болду.
Анын айтымында, операция жасалган бейтап 7 жылдан бери грыжа оорусу менен ооруп, оң буту чымырап аксап келген.
"14-апрелде Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медицина илимдеринин кандидаты, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков, директордун дарылоо иши боюнча орун басары Эламан Алиев менен биргеликте 41 жаштагы бейтапка төртүнчү жана бешинчи бел омурткасындагы (L IV-L V) грыжа алуу операциясын жасадык. Бейтап 7 жылдан бери грыжа оорусу менен ооруп, оң буту чымырап аксап келген.
Бүгүн бейтаптын операция жазалганына 5 күн болду, бутуна туруп басып калды. Учурда абалы жакшы. Оор дартка чалдыгып, өмүрүнө кайрадан жашоо тартуулаган өмүр сакчыларына терең ыраазычылыгын билдирип жатат. Эми бул оору менен катталган бейтаптар Бишкек шаарына барбастан Нарын облусунда эле операция жасатуу мүмкүнчүлүктөрү бар", - деп билдирди дарыгер Талант Калдыбаев.