Эртең, 19-апрелде Чүй облусунун кээ бир райондорунда түнкүсүн жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бийик тоолуу райондордо жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 20-апрелде күндүз жана 21-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17;
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаабайт. Түнкүсүн 7…9°, күндүз 21…23° градус болот.