Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылындагы Көк-Арт дарыясына 2008-жылы туулган кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жалал-Абад шаардык №58 өрт куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу, Сузак райондук №59 Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан 8 куткаруучу, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 офицер, жалпы 14 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын жансыз денеси табылып туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан