Өкмөт башчы Улукбек Марипов Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн көзөмөлгө алды. Маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
"Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу" долбоору Ош-Баткен-Исфана жолунун транспорттук потенциалын жана коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган", - деп жазылат билдирүүдө.
Долбоор Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылат жана эки компонентти карайт:
1) Ош-Баткен-Исфана автожол тилкесин реабилитациялоо, 28-75 км (47 км);
2) Бишкек-Ош жол тилкесиндеги жаратылыш кырсыктарын алдын алуу.
Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон.
Жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, подрядчикти тандоо башталат. Ушул жылдын сентябрь-октябрь айына карата подрядчик тандалып, куруу иштери башталат.
Белгилей кетсек, долбоордун ишке ашырылышы премьер-министр Улукбек Мариповдун жеке көзөмөлүндө турат.
"Эл аралык маанидеги жолдорду жакшыртуу" долбоорунун донору болуп Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) саналат. Насыянын суммасы – 11 миллиард 915 япон йени (болжол менен 116 миллион 47 миң АКШ доллары), мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 727 япон йени (болжол менен 16 миллион 88 миң АКШ доллары) бөлүнөт.