Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы бир жумага карата болжолдуу аба ырайын жарыялады.
Ага ылайык, Бишкекте бүгүн, 19-апрелде күн ачык болуп, 21-апрель жана 22-апрель күндөрү жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 20-апрелде күндүз 14 метрге чейин жетиши күтүлүүдө.
Чүй облусу
19-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Мындай аба ырайы 22-апрелге чейин созулат. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 20 жана 21-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Талас облусу
19-апрелден 21-апрелге чейин кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө.
22-апрелде күн ачылат. Бирок бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүгүндө бул апта жаан-чачындуу болот. Айрым жерлеринде күндүз күн ачык болгону менен, тоолуу райондордо жана тоо этектерине кар түшөт.
Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 19, 20 жана 21-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Нарын менен Ысык-Көлдө 19-апрель күнү жаан жаабайт. Калган күндөрү башка аймактар сыяктуу эле маал-маалы менен жамгыр, тоолуу аймактарда кар түшөрү божомолдонууда.