Күндүн сүрөтү: Күн батыш өлкөсүнүн жаңы куткаруучусу - Уумен

Сүрөтчү Татьяна Зеленская өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларга байланыштуу кезектеги иллюстрациялык сүрөтүн жарыялады. Ал сүрөттөрдү Фейсбук баракчасы аркылуу бөлүшкөн.

"Аконитмен, Уумен, ал "Күн батыш өлкөсү" жомогундагы жаңы каарман. О, эми жашайбыз! Эгер, албетте, аман калсак", - деп жазылат билдирүүдө.

Электр чайнегин кармаган Аконитмен же Уумендин сүрөтү 17-апрелде түз эфирде уу коргошун тундурмасын кайнатып ичкен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди чагылдырып турат.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров өлкөнүн дарыгерлери коронавирусту эффективдүү дарылоонун жолун тапканын билдирген. "Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты. Ал дары тууралуу видеодон көрсөңүз болот", - деп жазган президент социалдык тармактагы баракчасына.

Постко тиркелген видеодо адамдар тунук затты бөтөлкөгө куюшат. Бөтөлкө этикеткаларында "Ысык-Көлдүн тамыры" деп жазылып турганын көрүүгө болот.

Бул видео жана билдирүү коомчулуктун кызыгуусун жаратып, талкууга алына баштады. Көпчүлүгү социалдык тармактагы баракчасына бул суусундукту ичүүгө болбой турганын, аны колдонуу өтө кооптуу экенин жазып чыгышты.

Талкуу жаратып жаткан уу коргошунду колдонуу жолу, кантип үчүү керектигин 16-апрелдеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев айтып, атүгүл ал тундурманы журналисттерге көрсөтүп ичти.

Айтымында, алар бул ичимдикти колдонуп 300 коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылаган жана аны колдонуу айтылып жаткандай кооптуу эмес.

Маалымат жыйындан кийин талкуу кайра күч алды. Мындан улам SUPER.KG порталы адис менен бул теманын тегерегинде маектешти. Окурман, маекти толук ушул шилтемени шилтеп кирип окуңуз.

Ал эми талкуу жараткан бул темадан кийин өздөрүн элдик дарыгер атаган табыптар бул өсүмдүккө карата маалыматтары менен бөлүшө баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан