"Буйрутма менен иштегендер кетмейинче укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ишенич алып келе албайбыз", - деп бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев билдирди.
"Буйрутма опер кызматкери, тергөөчү, прокурор, сот боюнча качан иш алып барасыңар? Мына азыр Башкы прокуратура жакшы жышаандарды баштады. Текебаевдин, Талгарбековдун, Ташиевдин, Жапаровдун иши боюнча акталуулар болуп жатат. Ошол убакта буйрутма менен иштегендер кызматтарынан четтетилдиби? Жоопкерчилиги жөнүндө айтпай эле коёюн. Ошол боюнча иш алып баруу керек. Биз буйрутма менен иштегендер кетмейинче укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ишенич алып келе албайбыз", - деди ал.