Депутат Мирлан Жээнчороев жарандык активист Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.
"Анын күнөөсү барбы же жокпу сот аныктайт", - деди ал.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев: "Ал чакырык боюнча пост жазганын моюнуна алган. Бул мезгилге чейин канча адам соттолуп чыкты. Ал эми баш коргоо чарасы боюнча эл өкүлү катары айтып жатасыз, мыйзам чегинде карап чыгалы", - дейт.