Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында башкы прокурор отчёт берип жатат. Анда депутат Зарылбек Рысалиев башкы прокурор Курманкул Зулушевди артынан жакшы сөз калтырууга чакырды.
"Курманкул мырза, сиздин партияңыз "Мекенчил". Сиз жөнүндө жакшы ойлор бар. Эми сиз бекем турсаңыз. Тиякка-биякка кыйшаңдабаш керек. Мен сизди жигит катары билем. Бул күндөр да өтөт, дайыма башкы прокурор болбойсуз, артыңызда жакшы сөздөр калыш керек. Үй-бүлөңүз бар. Кийин балдарыңыз биздин атабыз деп сыймыктангандай болуңуз", - деди ал.
Зулушев: "Менин негизги принцибимди жакшы билесиз. Сиз менен 4 жылдан ашык иштештик", - дейт.