"Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эмендерге жана ийне жалбырактуу дарактарга витамин берүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери бактарды азыктандырууну, курамында глицерол затын камтыган азык заттарын чачууну башташты. Ал ийне жалбырактуу дарактардын жана эмендердин иммунитетин жакшыртып, жашылдандырууга жана өңүнө ачык түс берет.
"Таң эрте Чортеков жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде Манас кең көчөсү менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде, Масалиев көчөсүнүн Чортеков көчөсүнөн Табалдиев көчөсүнө чейинки бактарга витамин чачуу иштерин жүргүздүк. Бул багыттагы иштер улантылат", - деп айтылат маалыматта.